Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 30.05.2019 15:40

Кочкордо «Китеп  кербени-2019» иш-чарасы уюштурулду

Turmush -  Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынын китепканасында «Китеп кербени-2019» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Кочкор районундагы китепкана кызматкерлери, Нарын облустук Сагынбай Орозбаков атындагы китепканасынын кызматкерлери, Америка борборунун ыктыярчылары катышты.

Иш-чарада Сагынбай Орозбаков атындагы облустук китепкананын директору Анара Байгабатова, Кочкор райондук И.Исаков атындагы китепкананын директору Анара Бекчороева, Семиз-Бел айылынын башчысы Б.Намазбеков куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

«Быйылкы өтүп жаткан иш-чара «Илим жана техника караваны» деп аталды. Себеби, илим жана техника өнүккөн ушул заманда китепканалар техникага кызыккан жаштардын ойлонуу чеберчилигин өстүрүү боюнча иштерди алып барат. Илим жана техника өнүккөн сайын окурмандар электрондук китептерди колдонууда. Биз да окурмандар үчүн электрондук китептерди окууга шарт түзүп беришибиз керек. Бирок, канткен күндө да китептин түп нускасын унутпашыбыз зарыл», - деди Сагынбай Орозбаков атындагы облустук китепкананын директору Анара Байгабатова.

Иш-чарада Кум-Дөбө айылдык китепканасынын китепканачысы Билим Султаналиева «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, Кочкор райондук балдар китепканасынын кызматкери Бурулсун Иманкулова өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле Кочкор райондук Исаков атындагы китепкананын методисти «Мыкты методист» наамы жана 5000 сом акчалай сыйлык, Кара-Күңгөй айылдык китепканасынын китепканачысы Тилек Осмоналиева Нарын облустук китепканасынын ардак грамотасы менен сыйланды.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар «Китеп достуктун көпүрөсү» аттуу китеп көргөзмөсү, Америка бурчунун ресурстары менен таанышты. Англис тилинен кыргыз тилине которулган китептер да сатыкка коюлду.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Америка элдеринин улуттук оюндары, мастер-класстар өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×