Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 31.05.2019 17:39 На русском

Кыйылган жаш өмүрлөр: Сокулукта жансыз денеси табылган окуучу кыз Кочкордон келген

Turmush -  Чүйдөгү Сокулук районунун аймагында бакта асылып турган 2 адамдын денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

25-майда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери айылдын четиндеги бакта асылып турган 2 жансыз денени табышкан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Көп узабай маркумдардын өздүгү такталып, бири — Сокулук районунда жашап жаткан 19 жаштагы Шамшыбек (М.Ш., ысымы өзгөртүлдү), экинчиси — Нарындагы Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Айгүмүш (Д.А., ысымы өзгөртүлдү) экени белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.

Ал эми Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кочкор районунун 2003-жылы туулган тургуну Д.А. (өспүрүм кыз) 16-май күнү ден соолугуна байланыштуу окуусунан 3 күнгө суранып, Бишкек шаарындагы ооруканага кеткен. Класс жетекчиси Г.Т. билдирген маалымат боюнча, Д.А. Бишкек шаарында бир тууган эжесинин үйүндө дарыланып жаткандыгы боюнча маалымат алган. Ал эми 21-майда Д.А. сабакка катышпагандыктан апасы Д.С. менен телефон аркылуу байланышкан. Апасы кызы ооруканадагы дарыгерлерге көрүнүп жаткандыгын билдирип, китептерин мектепке берип жиберген.

«Өспүрүм кыз 10-класстын окуучусу болгон. Жети бир тууган, энеси эч жерде иштебейт. Атасы Ш.Д. каза болгонуна көп жыл болгон. Бул окуя Чүй облусунун Сокулук районунда катталгандыгына байланыштуу тергөө, териштирүү иштерин Чүй ОИИБ жүргүзүп жатат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×