Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 13.06.2019 14:39

Жайлоодогу кызыл жүздүү жеңелер, чыт курсак бөбөктөр... Сүрөттөр сүйлөйт

Turmush -  Жайлоого чыгып, бээ байлап кымыз ичүү убагы. Аймактык кабарчы Кочкор районундагы Үкөк жайлоосунун Чоң-Кечүү аймагындагы чабандарды жана жайлоону сүрөткө тартып келди.

Үкөктүн Чоң-Кечүү жайытына Кочкор районунун Кара-Саз жана Кара-Күңгөй айылынын тургундары чыгышат. Бул жайытта 1 ай гана убакыт туруп, күн жылыганда Көл-Үкөк жайлоосуна бет алышат.

Жайлоо — жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Жайлоо ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыскы бийик тоолордогу жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң жана башка ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин бар.

Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500-3000 метр бийиктикте орун алган. Мисалы, Ак-Сай, Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр жана башка. Бийик тоо арасы төр, ат жайлоо делет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×