Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 17.06.2019 15:24 На русском

Жаш талант: 16 жаштагы Айганыштын сүрөттөрү Кочкордогу көргөзмөгө коюлат

Turmush -  Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынын Арзымкан Бостонов атындагы орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Айганыш Байыш кызынын тарткан сүрөттөрү Кочкордо ачылган сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө коюлмакчы. Сүрөтчү кыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Айганыш Байыш кызы 2003-жылы 25-апрелде Кочкор районуна караштуу Лахол айылында төрөлгөн. Кичине кезинде эле Семиз-Бел айылындагы таятасы Муктар Айсаналиев, таенеси Арзанбүбү Токтобекованын колунда чоңоюп, аларды ата, апа деп өскөн.

«Мен кичинекей кезимден таята, таянемдин колунда өсүп, тарбиясын алдым. Аларды ата, апа деп айтам. Үй-бүлөдө (таятамдын) 8 бир туугандын кенжеси болом. Төрт эжем, үч байкем бар. Улуу эжем Бермет турмушта. Эки баласы бар. Андан кийинки байкем Урмат да эки балалуу болду. Шаарда туруп, бизди каржылап жардам беришет.

Мен 2010-2011-жылкы окуу жылында Семиз-Бел айылындагы Арзымкан Бостонов атындагы орто мектебинин босогосун аттагам. Быйыл 9-классты аяктадым. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарын толуктап келе жатам деп сыймыктануу менен айта алам. Жыл сайын мактоо баракчалары менен сыйланам. Сүрөт тартууга да кичинемден ынтызар болуп өстүм. Эмне кызык болсо, ошонун баарын тартып, сүрөт менен оюмду, кыялымды түшүндүрүүгө аракет кылар элем. Ошентип, сүрөт тартууну өркүндөтүп отуруп, айылга белгилүү болуп, "Сүрөтчү кыз" деген атка кондум», - дейт Айганыш.

Ал мектептин атынан көптөгөн кароо-сынактарга катышып, жакшы жыйынтыктарга жетишип жүрөт. Жакында эле Кочкордо райондук деңгээлде өткөн «Жаш талант-2019» кароо-сынагында 1-орунга жетишип, облустук турдан да жемиштүү кайткан.

Айганыш Байыш кызы сүрөт тартуу менен эле чектелбей, ыр-бийге да кызыгат. Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы исскуство мектебинде комуз бөлүмүндө 4-класста билим алат. Айылда, мектепте өткөн ар кандай мааракелерге катышып, комузда кол ойнотуп, күүлөрдү чертет. Ошону менен бирге ансамблдерде ойноп, ырдамай өнөрү бар.

Сабактардын ичинен кыргыз тили, адабияты сабагына ынтаа коюп окуп, олимпиадаларга катышып, ийгилик жаратып келет. Бош боло калганда көркөм чыгармаларды окуп, ыр чыгаруу менен алектенет. Мекен, эне, жашоо-турмуш жөнүндө өз ойлорун кагазга түшүрө коймой адаты бар.

Айганыш өзүнүн жазган «Табышмактуу убакыт» аттуу чыгармасын окуп берди.

Көйкөлүп асмандагы ак шумкардай,
Тызылдап учуп барат канат күүлөп.
Көз ирмебей, чарчабастан-чаалыкпастан,
Кайдадыр шашып барат алга жөөлөп.

Токточу, убакыт, артты кара?!
Карачы канча жолду басып өттүң.
Сени менен жетелешип алыстарга,
Жылмайган балалыгым кайда кетти?

Шашпачы, али жаштык өтө элек,
Балалыктын даамы оозумдан кете элек.
Токточу, токтой турчу бир аз гана,
Карт турмушка жан дүйнөм көнө элек...

Кайдадыр шашып барасың алдастап,
Бирок, билбейсиң алды жагың табышмак.
Ар бир секунд, ар бир мүнөт баалуудур...
Ооба, чындык, адам үчүн эң кымбат!

Биздин өмүр ачылып жаткан китептей,
Табышмактуу сырдуу барак бир беткей.
Нелер жатат, не деген бир кызыктар,
Өмүр кыска, өмүр өтөт билинбей.

Айганыш Байыш кызы мектепте өткөн ар кандай иш-чараларга ыр жазып берип, тарткан сүрөттөрү менен кооздоп жиберет. Анын тарткан сүрөттөрүн Нарын облустук сүрөтчүлөр коомдук бирикмесинин төрагасы Ишенбек Иманалиев жактырып, Кочкор районунда ачылган сүрөтчүлөр көргөзмөсүнө коюуга сунуш кылган. Сүрөт тартуунун кээ бир сырларын көрсөтүп берип, кеп-кеңешин берүүдө.

Айганыш келечекте сүрөтчү болсом деген пикирде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×