Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 18.06.2019 09:36

Курсагы жарылып, баласы сыртка чыгып калган кош бойлуу эне, апасынын көзүнчө күтүүсүз ажал тапкан кыз: Кочкордогу окуялар

Бакытбек Мамбетакунов
Бакытбек Мамбетакунов
// Turmush

Turmush -  Куткаруучу Бакытбек Мамбетакунов 7 жылдан бери Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө куткаруучу болуп эмгектенип келе жатат. Ал «бул жумуштун аркасы менен боорукер болуп калдым» дейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бакытбек Мамбетакунов Кочкор районунун Теңдик айылында 1983-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал кесиби боюнча эсепчи.

«Сактоо, жардам, куткаруу — бул үч сөз биздин жумушубуз жана милдетибиз. Биз жумушка жаңы киргенде ушул сөз менен таанышабыз десем жаңылбайм. Куткаруучулар үчүн ыйык сөздөрдүн катарына кирет. Анткени адамдардын өмүрүн сактап, аларга жардам берип, кыйын абалдан куткарабыз. Ушул кесиптин арты менен нан таап жеп, үй-бүлөбүздү багуудабыз.

Ар бир иштин өз талаптары бар эмеспи, бизде талап өзгөчө десем болот. Анткени кырсык айттырбай келет. Андыктан биз ар дайым даяр турушубуз зарыл. Өрт, жол кырсыгы же куткаруу иштерине болобу ар дайым даяр болуп турабыз. 4 бөлүк кезек-кезеги менен жумушка келип, 24 саат бою нөөмөттө турабыз. Бири-бирибизден жумушту өткөрүп алып жатканда бардык иштерди дыкаттык менен текшерип, өткөрүп алабыз. Мисалы, өрт өчүрүүчү унаадагы сууну жана моторун карайбыз. Өрт өчүрүүчү унаада суу дайыма болуп турат. Айрым бир учурда суусу тез эле түгөнүп калды же суусу жок келиптир деп айтышат. Бул кептер негизсиз. Адамдар менен тил табыша билүү да керек. Ар кандай кырдаалга туш болгон адам биз менен урушат же өзүн жоготуп койгон учурлар абдан көп кездешет. Мына ушул учурда ал адамды алаксытууга туура келет.

Өндүрүштүк практикадан өрт өчүрүүнү үйрөнүп, андан кийин чыныгы өрт өчүрүүгө биринчи жолу Кара-Саз айылына баргам. Ал жакта 1 миң боо чөп өрттөнүп жатыптыр. Мен байкабастык жана иш тажрыйбам аз болгондуктан түтүнгө ууланып калгам. Үй ээси жок экен. Коңшулары «101» кызматына чалып, бизге кабарлашыптыр. Үй ээси өрт өчүп бүтүп калганда келип, «өрт өчүргүчтөр бар экенин билбептирмин, силерге рахмат» деп ыраазычылыгын билдирген. Кожоюндун жылуу сөзүнөн кийин абдан сүйүнүп, ыраазы болуп келгем.

Биздин жумуш өзүбүзгө күнүмдүк иш болсо, башкаларга абдан кызык болот. Айрымдары «кантип куткардыңар, кандай жардам бердиңер?» деп сурай берет», - деди ал.

Куткаруучу иш үстүндө болгон окуяларын эскерди.

«Кочкор районунун Чолпон айылында үй өрттөнүп жатат деген чакыруу түштү. Ал чакыруу боюнча барсак, үй ээси жок экен. Чоң тамдын 3 бөлмөсү жалындап өрттөнүп жатыптыр. Үйдүн ичине кирсек, үй ээси мас абалында жылыткычты жанына коюп, уктап калыптыр. Ал түтүнгө ууланып, эсин жоготуп койгон экен. Көбүнчө өрт адамдардын шалаакылыгынан келип чыгат. Өрттүн схемасын чийип, электр зымдарын кыйып, командирдин буйругу болгондон кийин өрт өчүрүү иши башталат.

Биздин район менен башка райондордун жолу байланышкандыктан унаа каттамдары үзүлбөйт жана жол кырсыктары да көп катталат. Жол кырсыктарына да адам өмүрүн сактоо үчүн көп барабыз. Кырсыкка кабылган замандаштарыбыздын өмүрүн сактоо үчүн аракеттерди көрөбүз. Жакындары үйүндө күтүп, улам телефон чалып жатканын көргөндө зээним кейийт. «Кырсык каш-кабактын ортосунда» деп бекер айтылбаса керек. Көп эле учурда кырсыкка кабылган адамды куткарып, тез жардам унаасына жакшынакай кылып салып бергенден кийин ооруканада же ага жетпей каза болуп калат. Айрымдары катуу жаракат алып, бирок денеси эч нерсе болбой эле көз жумушат.

Бир окуя эсиме түшүп кетти. Канча жыл мурун болгонун унутуп калдым. Семиз-Бел айылында жол кырсыгы катталып, куткаруучулардын тобу бардык. Кечинде Бишкектеги тойдон келе жаткан үй-бүлөнүн унаасынын алдынан адам чыга калган. Айдоочу катуу айдап бара жатып, рулду дароо башка жакка буруп, тормозду басканда кырсыкка кабылган. Унаадагы 3 адам тең каза болгон. Бул адамдардын ичинен 8 айлык боюнда бар келиндин баласы курсагынан чыгып кетиптир.

Башы жулунуп, ичегиси чубалып, айрым учурда адам тааныгыс болуп калышат. Айрымдары унаадан чыга албай калганда, унааны кескилеп алып чыгууга туура келет. Унаанын маңдайкы айнеги күбүлүп, адамдардын бетине сайылып калган учурлар да кездешет. Мындай оор кырсыкты көргөндө адамдарды аёо сезим пайда болот. Биз адамдар жараткандан бардык нерсени сурай беребиз. Кайсы бир учурда биз да өлүмгө моюн сунарыбызды унутпай, жараткандан жакшы өлүм да сурашыбыз керек экен деп ойлоп калдым», - деди ал.

Бакытбек Мамбетакунов: «Издөө иштерин да жүргүзөбүз. 2017-жылдын жай айы, суу кирип жаткан убак болчу. Бир айылда суунун үстүндөгү асма көпүрө менен айыл тургундары ары-бери катташчу экен. Бир күнү ошол жактын жашоочусу кызы менен асма көпүрөдөн өтөт. Алгач кызы энесин суунун аркы өйүзүнө өткөрүп, өзү кайра бери жакка өтүп келе жатканда буту тайып кетип, сууга агып кеткен экен. Энеси эч нерсе кыла албай калыптыр. Ал кызды Орто-Токой суу сактагычына чейин издеп, 5 күндө араң тапканбыз. Бардыгынан адам өмүрү кымбат эмеспи. Учурда сууга түшүү учурунда кокустуктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Дагы бир окуяны айтып берейин, чоң эле адам ушуну кылабы деп күлкүм келген. Райондогу айылда чөп өрттөндү деген чакыруу түштү. Чөптү өчүрүп, анын чыгуу себептерин тактадык. Күйөөсү аялына таарынып, чөбүнө өрт коюп салган экен», - деди ал.

Бакытбек Мамбетакунов үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×