Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 20.06.2019 14:20

«Ырдап жатсаң, оозуңа чымын кирип...»: Кочкордун актрисасы Э.Таңсыкованын окуялары

Turmush -  Кочкор райондук драм театрында актриса болуп эмгектенип келе жаткан Элиза Таңсыкова райондук маданият бөлүмдөрүндөгү көйгөйлөрдү аймактык кабарчыга айтып берди.

Элиза Таңсыкова учурда Кочкор райондук драм театрында актриса жана ырчы болуп эмгектенип келе жатат. Ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн. Өзүнүн айтымында, балалыгы дал ушул маданият үйүндө, «Чолпон» кинотеатрында өткөн.

«Атам жана апам ушул эле чөйрөдөгү адамдар болчу. Индиянын тасмаларын көрүп, каармандарды туурап бийлеп, агам Таалай Таңсыков менен кошо ырдап жүрүп чоңойдум. Ата-энем «Элизаны Индияга жиберебиз» деп айтып калышчу. Ырчылар менен гастролго барып ырдачумун. Драм театрга келгенде аз убакыттын ичинде бир топ ийгиликтерге жана маданияттын күңгөй-тескейин көрүүгө жетиштим.

Баарыбызга белгилүү болгондой эле маданият тармагы өз киндигин өзү кесип, жаңыдан бутунан туруп келе жатат. Албетте, облустагы жана борбор калаадагы драм театрлардын абалы жакшырды. Анткен менен райондук, айылдык маданият үйлөрүндө абал жакшы эмес. Актерлор эргүү менен иштөө үчүн шарттар болушу керек. Райондогу айрым айылдарга гастролдоп барсак, эч кандай шарттар жок. Имарат суук, кийим илчү жер жок. Ал эми драм театрга костюмдар жетишпейт. 1 спектаклдагы костюмдар башка спектаклга жарабайт. Өзүбүз костюмдарды ылайыктап таап кийүүгө туура келет. Райондук деңгээлдеги саамалык өтсө окшош көйнөктөр жок. Ал жактагы концерттик программа биздин мойнубузда. Жетекчилик бул жагын чечип беребиз деген. Айлык акы аз болгондуктан тойлордо кызмат кылып акча таап алабыз. Өз кесибин сүйгөндөр бул тармактан кетпей жүрүшөт», - деди ал.

Элиза Таңсыкова кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Бизди айрымдар сахнага жөн эле чыгып, ролун аткарып, андан кийин жыргап эле кетип калышат деп ойлошот. Ар бир ролду эл алдына алып чыгуу көптөгөн мээнетти талап кылат. Роль жаратууда айрым учурда образга кире албай, түйшөлгөн убактар болот.

Бир жолу Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестинен алынган «Кордондогу окуя» спектаклин ойноп жатканбыз. Момун чалга «Артынан барбай эле коё туруңуз. Орозкул ачуусу менен Бекейди сабап жатат» деп айтмакмын. Сүрдөп кеттимби, тилим чулдурап, бул сүйлөмдү жакшы айта албай койдум. Көрүүчүлөр байкабай калды окшойт. Мындай абал көп эле болот.

Дагы бир учурду айтып берейин. Бир иш-чарада индия элинин бийин бийлеп жаткам. Байкабай шымымдын багалегин басып, резинасы үзүлүп кетти. Анан шымым шыпырылып бара жатканда кармап алып, бийлеп чыгып кеткем. Дагы бир жолу сахнага чыгып бара жатып, чалынып жыгылып кеттим. Элдин баары мени карап калды. Тура калып ырдап баштасам, көрүүчүлөр кол чаап коштоп кетишкен. Ырдап жатсаң оозуңа чымын кирип, ырдай албай калган учурлар көп кездешет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×