Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 24.06.2019 08:15

Кочкордогу жайлоолордо малчыларга ветеринардык кеңеш берүү иштери жүрүүдө

Turmush -  Кочкордогу жайлоолордо малдарды эмдөө, малчыларга ветеринардык кеңеш берүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кочкор районунун ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Мусабек Абдыкеримов, ветдарыгер Эмил Моңкоев алыскы Кара-Жылга, Кара-Кужур жайлоосунда болуп, малдарды эмдөө жана малчыларга кеңеш берүү иштерин жүргүзүүдө.

«Кочкор районунда 20 миңден ашуун бодо малдар текшерүүдөн өткөрүлгөн. Малдын ылаңы жок, ошентсе да бир сыйра текшерип, эмдеп, малчыларга кеп-кеңештерди берип жатабыз. Райондо эпизоотиялык абал туруктуу», - дейт Мусабек Абдыкеримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×