Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 24.06.2019 11:08

Кочкордо чума оорусун алдын алуу үчүн бир күндүк иш-чара уюштурулду

Turmush -  Кочкор районунда карантиндик, өтө коркунучтуу жана жугуштуу чума оорусун алдын алуу боюнча бир күндүк көргөзмө-окуу машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Көргөзмө-окуу машыгууда райондук штаб түзүлүп, өзгөчө кырдаал учурунда кантип иш алып баруу керектиги боюнча штабдын жетекчисине маалымат берилди. Ал эми райондук дарыгерлер чума оорусун жуктуруп келген бейтапка биринчи жардам көрсөтүп, чума оорусу катталганы боюнча тиешелүү жерлерге кабарланып, оорулуу ЖКККБнын кызматкерлеринин коштоосунда райондук аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилди.

Райондук ветеринардык башкармалык райондогу жаныбарлардын коопсуздугун коргоо жана көзөмөл иштерин жүргүзүштү. Айылдан чыгып кетип жаткан жарандарды медициналык көзөмөлгө алуу үчүн обсерватордук бөлүм уюштурушкан.

Бир күндүк машыгууга облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева, облустун башка райондорунан да дарыгерлер келип катышты. Жыйынтыгында көргөзмө-окуу машыгуу өз максатына жетти деп баа берилди.

Чума — катуу кармаган өтө жугуштуу дарт. Анда адамдын жалпы абалы оорлоп, лимфа түйүнү жана башка органдар сезгенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×