Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 26.06.2019 16:44

Кочкорлук ырчы Каныбек Иманалиевди алып баруучу сахнага чакырганда депутат кандай абалда болгон?

Turmush -  Кочкор районундагы Кочкор маданият үйүнүн жетекчиси Каныбек Иманалиевди көпчүлүк Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин тууганы деп ойлошот.

Каныбек Иманалиев 1991-жылы Кочкор районунда төрөлүп, ушул жерде өскөн.

«Агаларымдын баары Иманалиев болуп чоң атама катталган. Мени Саяк уулу Каныбек деп атама каттап коюшкан экен. Себеби, атамдын атын алып жүрсүн дешкен. Бирок мага Иманалиев деген фамилия жагат. Жакында документтеримди Иманалиев деп которгону жатам. Ата-энем каршы болушкан жок. Социалдык түйүндөргө Каныбек Иманалиев деп катталгам. Радиолордо ырларым ырдалганда ди-джейлер «чыгарма Каныбек Иманалиевдин аткаруусунда жаңырып өттү» деп айтышат. Райондук иш-чараларды алып барганда, тойдо ырдаганда да Каныбек Иманалиев деп элге тааныштырышат. Көп эле учурда «Каныбек Иманалиевдин тууганысыңбы?» деп сурашат. Мен "ооба, аталаш агам" деп тамашалап коём.

Бир жолу Кочкор районундагы тойго Каныбек Иманалиев агабыз да келиптир. Мен ал адамдын келгенин билген эмесмин. Алып баруучу «азыр алдыңыздарда Каныбек Иманалиев ырдайт» деп мени чакырып калды. Адашым Каныбек байке башкача абалда алып баруучуну карап калды. Мен той бүткөндөн кийин ага саламдаштым. Ал байке шашып, сүйлөшө алган жокпуз. «Жай убакытта сүйлөшөлү» деп айткан. Эми буюрса жолугуп, Каныбек байкенин калемине таандык чыгармаларды ырдап чыгам деген максатым бар. Экөөбүздүн аты-жөнүбүз окшош болгонго эмес, ырлары маанилүү жана мазмундуу болгону үчүн ырдайм», - деди ал.

Каныбек Иманалиев Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×