Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 26.06.2019 22:50

Кочкордо Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата маданий иш-чаралар башталды

Turmush -  Кочкор районунда коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата маданий иш-чаралар башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын маданият үйүндө мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата «Эмгегин элге арнаган» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев, Кочкор районунун акиминин орун басары Элмира Садыкова Т.Усубалиевдин кыргыз элине жасаган эмгеги зор экендигин белгилеп өттү. Маданият кызматкерлери, китепкана башчылары көрүүчүлөрдү анын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, атайын жасалган дубал гезиттер, стенддер боюнча баяндама жасашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×