Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 28.06.2019 13:25 Жаңыланды: 29.06.2019 10:24

Айыл турмушу: Алмаз Раев жоголуп бараткан кыргыз чаар тоогун көбөйтүүдө

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну Алмаз Раев жоголуп бара жаткан кыргыз чаар тоогун көбөйтүү аракетин көрүүдө. Ал «Канаттуулар клубун» түзүп, бул тоокторду сактап калуу үчүн иштерди баштаган. Алмаз Раев менен аймактык кабарчы таанышты.

Алмаз Раев кыргыз чаар тоогун сактап калуу үчүн долбоор жазган. Учурда анын отуздан ашык кыргыз чаар тооктору бар.

«2016-жылы кыргыз чаар тоогун сактап калуу максатында долбоор жазып иш баштагам. Эмне үчүн бул тоокту тандаган деп ойлошу мүмкүн. Бул тооктун тарыхы бар. СССР убагында 1950-жылы үч башка тукумдагы тоокторду аргындаштырышкан. Союз тараганда Кыргызстанда 250 миң чаар тоок бар болчу экен. Бул чаар тоок ысык жана суукка чыдамдуу келет. Ошондуктан көбөйтүүнү чечтим. Тоок биоартүрдүүлүккө кирет. Бир жылда 200гө чейин жумуртка бере алат.

Долбоорду уткандан кийин чаар тоокторду издеп, таап сатып алдым. Учурда чаар тоок жокко эссе болуп калыптыр», - деди ал.

Алмаз Раев азык-түлүк коопсуздугу боюнча айыл тургундарына жана окуучуларга окууларды да өтүп келет.

«Азык-түлүк коопсуздугун эске алып, био кошулмаларды бербейм. Себеп дегенде тоок күнүгө тууп, кальций жок болуп калат. Тоокторго да кальций керек болот. Аларга колдонулган жумуртканын кабыгын майдалап берем. Эч кандай кошулмасы жок жем берип баккан тооктор күн алыс тууйт. Анткени тооктун организмде кальций иштелип чыгып, жумуртканын кабыгы катуу болуп катат. Учурда тооктордун санын көбөйтүү менен алекмин.

Тамактанууга көп көңүл бөлбөй, ашыкча салмактуулук, гипертония жана жүрөк оорулары пайда болот. Өзгөчө балдар жана кош бойлуу аялдар жетиштүү өлчөмдө белок жана мөмө-жемиштерди, сүт жана ак этти колдонуусу кажет. Алардын башында тоок эти турат. Анткени, тоок этинде белок көп. Башка айбанаттардын этине караганда тооктун эти майсыз жана сиңимдүү келет. Ошондуктан, гастрит, ичеги ооруларына сунушталат. Тооктун эти никотин кислотасына, В2, В6 витаминдерине бай. Жүрөгү оорулуулар жана диабетке чалдыккандар тооктун этин ойлонбостон колдонсо болот. Мисалы, жүз грамм тооктун эти 124 килокалорияга барабар. Ал эми, эттин тышын кошсок 170 килокалорияны түзөт. Тооктун эти темир, фосфор, цинк витаминдерине бай.

Тооктор жай чилдеде жана кыш чилдеде туубай калат. Тоок күрп болуп, балапан чыгаруу үчүн жемин жакшы берип, семиртип багуу керек. Айрым учурда тоок жумурткаларды 10 күн эле басып туруп кетет. Жумурткалар сасыткы болуп калат. Себеби, тоок жумурткага жылуулук бере албай, энергиясы түгөнөт. Негизи тоок 21 күндүн тегерегинде балапан чыгарат.

Чаар тоокко кызыккандар көбөйүп жатат. Буюрса кыргыз чаар тоогун көбөйтөбүз деп ишенем», - деди ал.

Алмаз Раев тооктон сырткары каз багууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×