Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 05.07.2019 12:22

Аттестаттагы каталар. Сотко чейинки териштирүү башталды

Turmush -  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан орто билимди тастыктаган документтер боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштер тергеле баштады. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, ката жазылган аттестаттын саны 95 миңди түзгөн. 2019-жылдагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген бул аттестаттарда «жөнүндөгү» деген сөздөгү «н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасы жазылган.

Ката жазылган аттестаттар Нарын облусунун Чолпон айыл аймагына караштуу Туз айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө дагы берилген. Ал документтерде «среднюю реднюю» деп жазылып калган.

cd28c675b40e993bddb2fe0a9e4c7a1b

Аталган факт Жазык кодексинин 233-беренеси менен (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×