Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 06.07.2019 12:21

Кочкордо эки эмчи айым төш белги менен сыйланышты

Turmush -  Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Кочкор райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлери Батина Чыймылова, Анаркүл Секеева «Данакер ЛИНГВО» илимий-маданий коомдук бирикмесинин алкыш баракчалары жана төш белгилери менен сыйланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Турат Жумабеков мамлекеттик тилди, улуттук маданиятты өнүктүрүп, каада-салт, үрп-адатты жайылтууга салым кошкондугу үчүн аймактык оорукананын эмчи айымдары Батина Чыймыловага, Анаркүл Секеевага «Данакер ЛИНГВО» илимий-маданий коомдук бирикмесинин төш белгисин тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×