Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 12.07.2019 14:10

Кочкор—Ормон хан унаа жолу оңдолууда

Turmush -  Кочкор районундагы Кочкор—Ормон хан унаа жолу оңдолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Д.Алканов атындагы №955 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Бейшеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор кыштагынан Кош-Дөбө айыл аймагына баруучу Кочкор—Ормон хан унаа жолунун эки чакырымына кара шагыл аралашмасы төгүлүүдө. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 миллион сом бөлүнгөн.

«Азыр кара шагыл аралашмасын төшөө иштерин №955 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери, техникалары жүргүзүп жатат. Каражат жол тейлөө ишканасына май, битум түрүндө которулат», - дейт К.Бейшеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×