Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 13.07.2019 14:31

Кочкордо Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата маданий иш-чара өттү

Turmush -  Кочкор районунун өнөрпоздору мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата анын өмүр жолун сахналаштырып көрсөтүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Турдакун Усубалиевдин ролун Кочкор драма театрынын сүрөтчүсү Кудайберди Бейшенкулов, ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалованын ролун Кочкор драма театрынын артисти Максуда Табышова, Өзбекстандын 1-катчысы Шараф Рашидовдун ролун театрдын артисти Улан Адыл уулу, ал эми СССРдин жетекчиси Н.Хрущевдин ролун Чолпон айылдык клубунун башчысы Рахим Кожогулов аткарышты.

«Мен үчүн Т.Усубалиевдин оор басырыктуу, токтоо мүнөзүн жаратыш кыйла оор болду. Себеби менин мүнөзүм, кыймыл-аракетим жеңил. Ошентсе да жетекчилик мага анын ролун ишенип бергенине сыймыктанып, жан дилим менен ойнодум», - деди Кудайберди Бейшенкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×