Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 23.07.2019 09:10 На русском

Кочкордун тургуну Т.Өскөнбаевди жакындары 11 жылдан бери издеп келишет

Turmush -  Кочкор районунун тургуну Өскөнбаев Топчубек Кулубекович 11 жылдан бери дайынсыз. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын бир тууган иниси Тынчтыкбек Өскөнбаев билдирди.

Топчубек Өскөнбаев 1962-жылы 10-сентябрда Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылында туулган.

«2006-жылы айылдан кетип, Токмок шаарында иштеп жүргөн. 2008-жылга чейин кабар алып турчубуз. 2008-жылдан бери дайыны билинбей кетти. Сураштырып таба албай, издеп көрдүк. 2008-жылы Токмок шаарындагы автобекеттеги участкалык бөлүмгө кайрылдык. Натыйжа чыкпады. 2018-жылы "Кайдасың?" телеберүүсүнө бердик. Үйдөн кетерде өзүнүн паспортун жоготуп жибергендиктен агасынын паспортун алып кеткен. Ошондуктан, Тамчы Күлүбеков деген ысым жана фамилия менен жашап жүрүшү да мүмкүн», - дейт Тынчтык Өскөнбаев.

Өзгөчө белгилери: кара тору, арык чырай, оң бутунда операциядан калган тырык бар.

Топчубек Өскөнбаев тууралуу кабары барлар 0709 72 10 74, 0505 55 42 43 номура чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×