Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 24.07.2019 11:43

«Бээ сүтүн германиялыктар косметикада колдонушат»: Ат минген адам кайсы оорулардан айыгат?

Кабылбек Жумабаев
Кабылбек Жумабаев

Turmush -  Кыргыз эли багылышы жеңил, таза, шамал менен тең жарышкан жылкы баласын аздектеп келет. Анын келип чыгышы, жылкы баласынын колго кайсы заманда үйрөтүлгөнү боюнча аймактык кабарчы тарых, санжыра ышкыбозу Кабылбек Жумабаевге кайрылды.

- Кыргыз өз ата-тегин, уругун сүрүштүрүп келет. Ошондой эле жылкынын түпкү тегин тарыхка карап сүрүштүрүүгө болобу?

- Мен топтогон маалыматка караганда тээ биздин эрага чейин, 54 миллион жыл мурда ушу жылкынын түпкү тегинин чоңдугу бала мышыктай эле болгон. Илимде алар эогиппус деп аталат. Кайнозой эрасы 67 миллион жыл мурда башталат эмеспи. Демек, ошондон бери жылкы өнүгүп келе жатат. Мына ошол тектен чоңдугу коендой болгон гиракотерия түркүмү келип чыгат. 53 миллион жыл мурда ошол эле түркүмдүн бүт эле бут учтарында үчтөн манжа изи болуп, ай туякка айлана баштаганы байкалат. Ал эми 20 миллион жыл мурда буттары бир топ эле узарып кеткен мерикгиппус аталган түркүм келип чыгат. Кайнозой эрасынын акыркы, үчүнчү антропоген периоду (адам доору) 2 миллион жыл мурда баштала. Мына ошол тапта азыркы кейпине келген плиогиппус түркүмү келип чыгат.

- Буларыңыз кызык экен. Илим далилдерге таянат да. Бул жылкы баласы качантан колго үйрөтүлө баштаган?

- Үй жаныбарларынын ичинен эң алгачкылардан эле биздин эрага чейин 15-10 миң жыл мурда түпкү теги бөрүдөй болгон ит колго көндүрүлгөнүн билебиз. Биздин эрага чейин 5 миң жылдыкта алдыңкы Азияда эшекти, түркмөн менен Иран чөл талааларында айры өркөчтүү төөнү, ал эми биздин эрага чейин 4 миң жылдыкта Евразия талааларында жылкыны, биздин эрага чейин 3 миң жылдыкта Арабияда сыңар өркөч төөнү (нар), биздин эрага чейин 2 миң жылдыкта Саян-Алтайда түндүк бугусун адамдар колго көндүрө башташкан. Колго көнгөн алгачкы жылкы — тарпаң. Анын акыркы тукумун Борбордук Азияны изилдөөчү Н.М.Пржевальский (1839-1888-жылдар) чөл талаадан көрүп, үйүрдөн бирөөсүн атып алган.

- Деги жылкынын кандай, канча түрү бар?

- Жылкы тукуму же түркүмү азыр дүйнөдө — 427. Бул 1993-жылдагы эсеп боюнча.

- 1912-жылы күздөгү Шабдандын ашында кыргыз жылкысы англиялык таза кандуу жылкыны артка калтырып чуркап келген. Бул жылкы тукуму жер каймактагандан бери өнүгүп, эволюцияланып келген экен. Касиет, жөндөмдөрүнө жараша да бөлүнүшөбү?

- Албетте. Кыргыз жорго, күлүк, кашаң (тарпаң) деп бөлөт. Таскактуу, жол жүрүштүү (жүрмөл), чалыш түрлөрү бар. Күлүктөрүнө сай күлүк, тулпар, буудан, аргымак кирет. Мухаммет пайгамбар минген жылкыны бурак ат, Азиретаалы мингенди дулдул (качыр) дейт. Булар да күлүк катарында, бирок арабдагы түркүмдөрдөн.

Жылкыга, темирге колу жеткен чакта адамзат тез өнүккөн. Улуу согуштун баары жылкы үстүндө болгон. Кууса жеткен, качса кутулткан жылкы баласы күчү, сүтү, эти менен да кышта, жайда ээсине чоң огожо болгон. Асмандагы күнгө адамдар өлгөндө арналып жылкы гана союлган. Жал-куйругун тоноп, чунайтып, жайытка жазда ээн кое берилген, күздө адам өлүмтүгүнө арналып союлуучу жылкы — сетер жылкы делет. Аларды да чыгаан, күлүк, айтылуу жылкылардан иргеп дайындашкан. Көбүнчөсү (маркумдун) өзүнүкү болгон. Атсыз калгандар өздөрүн канатсыз кушка теңеген. Биздин эрага чейин 4-3 миң жылдыктарда эле бул жылкынын культу (табынуу, сыйынуу) пайда болгон. Коло доорунун аяк ченинде же так айтканда, биздин эрага чейин 18-кылымдарда Евразия талааларында жана Тянь-Шань, Памирде кымыз жасоо ыкмасы башталган. Муну баштагандар күтүрөтө жылкы күткөн (албетте жамааттык түрдө). Көчмө боз үйлөрүн жылкыга, төөгө, өгүзгө арабалап сүйрөткөн арийлер, илим тилинде айтканда андроновчулар болгон.

- Жылкы көчмөн үчүн транспорттон сырткары дагы кандай өзгөчөлүккө ээ?

- Сүтү, эти дары. Жылкы баласы 360 градус айлананы толук көрүп турат. Көз чөйчөгүнүн жана көз торчосунун жайгашуусуна жараша маңдай сөөгүнүн үстүн жана желке тарабын гана көрө албайт. Түн ичинде жакшы көрөт, өзгөчө шыбыртты тез сезет.

- Дарычылык касиетине токтолуп өтсөңүз?

- Сүтү, эти түгүл териси, тезеги, заарасы дары. Жылкыны таскактатып минүү да айрым ооруларды жоет. Аны райдинг-терапия деп коет. Дүйнө жүзүндө жылкы баласынын касиети менен дарылоочу бирден бир институт азыр Японияда гана иштейт. Жылкы тармагын жекече изилдеген илимди иппология деп коет. «Ипподром» деген сөз ошондон алынган, жылкы жарыштырма аянтты айтат.

Ат үстүндө жүрүү ашказанды, кан тамырларды оңдойт. Дене бойду түзөлтөт. Өпкөнү калыптайт. Гипертониялык ооруну жоготуп, инфаркт миокард болуудан сактайт. Ат минүүнүн пайдалуу жагын грек акылманы Платон (биздин эрага чейин 427-347-жылдар) жазып калтырган. Албетте, атта кечке салактап жүрүү да жарабайт. Тукумсуздукка түртүшү мүмкүн.

- Эми, бээ сүтүнүн, кымыздын дарычылыгына да бир аз токтоло кетсеңиз?

- Кымыз жөнүндө грек тарыхчысы Геродот (биздин эрага чейин 484-424-жылдар) да жазып калтырыптыр. Бээден жаңы эле саалганы сүт, ачыткыга аралаштырылып, бирок толук ачый элеги саамал, ачып чыкканы кымыз. Ар биринде өзүнчө касиет бар. Өзгөчө витамин В, сүт кислотасы, углекислота көп өлчөмдө. Негизинен А, В, РР, С, Н витаминдер, Си, Со, Сч, Мп, Фе, Л, Ас, Зн микроэлементтер бар. Адамдагы заттардын алмашуусун, кандын жаңыруусун күчөтөт, жүрөк-кан тамыр ооруларын, ашказандын оорусун, он эки эли ичегидеги жаратты тез айыктырат, диспепсияны оңуна келтирет. Ич өткөктү, ич келтени жоюп, ичегиде курт, микроб болсо сүрүп чыгат. Кандагы гемоглобинди арбытат. Лейкоцитардык формуланы, нерв системасын да оңойт. Рактын өөрчүшүн токтотот. Жашартуучу, өң-келбет берүүчү да касиетке ээ. Мына ушулар. Германияда косметикада да (кургак маска) бээ сүтү колдонулуп жүрөт.

- Күз бүтсө кымыз токтойт. Жазда кымыз ачыткыны эл кайдан табат?

- Сабаа же чанач түбүндө калган коюу бүртүктөрүн курут сыяктуу умачтап калтырып коюшат. Жазда ошол ачыткы болот.

- Кенен жана так кеп курганыңыз үчүн ыраазылык билдиребиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×