Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 27.07.2019 10:19

Кочкордо жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы 1982-жылы туулган жаштар айылдагы жалгыз бой эненин үйүн жылуулап беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жаштардын атынан Айтбек Абдрасулов билдирди.

1982-жылкылар өздөрү демилге көтөрүп, айылдын тургуну Батина Орозобекованын үйүнүн эшик-терезесин жаңыртып салышты. Ошону менен бирге темир меш жасап орнотушту. Ошондой эле Батина апанын идиш-аяктарын, палас, төшөктөрүн жууп тазалап беришти.

Батина Орозобекова 1961-жылы туулган. Жолдошу беш жыл мурда кайтыш болгон. Кызы турмушка чыгып кеткен.

Мындан сырткары жаштар айылдык мечитке да откана салып беришүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×