Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 29.07.2019 09:51 На русском

«Ий, бетим...»: Кайнагасынын тизесине жатып алган Санталат жеңенин боорду эзген кылыктары

Санталат Жайнакова
Санталат Жайнакова

Turmush -  Кочкор районундагы Кара-Саз айылынын тургуну Санталат Жайнакова коңшу турган Кара-Күңгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде орус тилчи мугалим болуп эмгектенет. Ал күн сайын эки чакырым аралыкка жөө каттап иштейт. Санталат айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Санталат Жайнакова 1966-жылы 22-январда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жыланды айылында туулган. Өзгөн районундагы Жаңы дүйнө атындагы орто мектебинде орус класста билим алган. Борбор калаадагы №3 техникалык кесиптик окуу жайын бүтүргөндөн кийин Өзгөн райондук «Октябрь Туусу» гезитинде арип терүүчү болуп иштеп, ошол жерде корректор болуп эмгектенген Абдыманап Казакбаев менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп калышкан. Алты жыл сүйлөшүп жүрүп, 1991-жылы үйлөнүшкөн.

Санталат айым 1988-жылы Фрунзе шаарындагы Кыз-келиндер институтуна кабыл алынып, аны 1993-жылы аяктап, Токмок шаарындагы №3 жана №5 орто мектептеринде орус тилчи мугалим болуп эмгектенди.

«Жыланды айылында чоңойдум. Өзгөндө күрүч эгилет. Күрүч эгилген суунун ичинде жылан көп болгондуктан Жыланды аталып калса керек. Атам базарком болуп, үйдө жумуштун баарын үй кызматчысы аткаргандыктан эрке кыз болуп чоңойдум. Анын үстүнө үйдө кыздардын кичүүсү элем. «Октябрь Туусу» гезитинде иштеп турган кезимде Абдыманап экөөбүз сүйлөшүп калдык. Ал гезитке макала, кабар жазчу. Болочоктогу кайнагам Кемелиддин Сырымбеков да гезитте жооптуу катчы болуп иштечү. Ал мени жумушка кыска юбка кийип баргандыктан «Албарсты» деп эркелетип койчу.

1990-жылы Ош окуясына байланыштуу Абдыманап Кочкордогу айылына кетти. 1991-жылы экөөбүз үйлөндүк. Кочкор районунун Кара-Саз айылына келин болдум. Анда да кыска юбка кийип, чачым сапсайып келгем. Жаңы келген кезде келин экенимди билбей кайнагама эркелеп, тизесине жатып алганым эсимде. Кайненем, кайын журтум көрүп калып, «Ий бетим, эркелигиңди токтот! Бул кайнагаң болот» деп, эркелигимди токтотушкан.

Бир күнү кой союшуп, кайнагам менен жеңем «ичегини артып кой» деп конокко кетишти. Буга чейин ичеги артмак тургай, үй оокатын жасап көргөн эмесмин. Ичегилерди 30 сантиметрден бөлүп, ичин тазалап койдум. Кайнагам менен жеңем келгенде боору эзилгиче күлүштү. Кайнагам «ай, сапсайган Албарсты» деп күлкүсүн тыя албайт. Ошентип, ичеги артканды үйрөтүштү. Жумуш жасаганды жолдошум Абдыманап, кайненемден үйрөндүм.

Атымды сураганда Санталат десем, кээ бирөө Салтанат деп жазып алышат. Санталат дегенден адашып, Санталант деп да айткандар бар. Көбү Санта деп чакырышат.

Кара-Күнгөй айылында окуучуларга орус тили сабагын окутам. Күнүгө эки чакырым жерге жөө басууга туура келет. Жайкысын жолдошум экөөбүз курулуш иштери менен алектенебиз. Кардарлардын үйүн оңдоп, шыбап жана башка курулуш иштерине жолдошума кол кабыш кылып, 200 миң сомго чейин таап алам», - деди Санталат Жайнакова.

Санталат курулуш иштерин мыкты өздөштүргөн. Мектеп окуучуларынын чачын кыркып, чачтарач кесибин да үйрөнгөн.

Абдыманап менен Санталат эки уулдун ата-энеси. Улуу баласы Каныбек жогорку билимдүү, тилмеч. Экинчи уулу Назарбек Сагынбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинде 11-класста окуйт. Учурда өздөрү үчүн эки кабаттуу үй куруп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×