Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 01.08.2019 11:20

Кочкордогу унаа кырсыктан 59 жаштагы аял менен 5 жаштагы кыз жабыркады

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айылындагы унаа кырсыктан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 185-чакырымында болгон. «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, унаа жолдон чыккандан кийин электр мамысын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам – 2014-жылы туулган Т. кызы Х. менен 1960-жылы туулган А.С. аттуу аял жабыркаган. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×