Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 16.08.2019 17:19

Кочкордо 15 млн сомдук спорт зал курулуп жатат

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылында 100 орундуу спорт залдын курулушу 2016-жылы башталып, быйыл ишке берилүү алдында турат.

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Бурканбек Акишовдун айтымында, айылда алгачкы ирет машыгуу залы салынып жатат.

«Айылыбызда биринчи жолу салынып жаткан спорт залыбыздын жалпы сметалык баасы 15 млн сомду түзгөн. Бирок, бүгүнкү күндө 10 млн 500 миң сомго 90% курулушу бүтүп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ачалы деп жатабыз. Машыгуу залынын курулуш иштерин 2016-жылы баштап, каражатты жергиликтүү бюджеттен алганбыз. Бул жерде күрөш, волейбол, баскетбол жана башка спорт оюндарына ылайык шарттар каралган. Калкыбыздын саны 8450 адамды түзөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×