Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 16.08.2019 18:01

Кочкордун Арсы айылындагы жаңы мектеп сентябрда пайдаланууга берилет

Turmush -  Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Арсы айылында жаңы мектеп курулуп жатат. 1-сентябрь күнү анын ачылышы өтөт.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкуловдун айтымында, жаңы имарат 150 орунга ылайыкташкан.

«Кочкор районунда 33 мектеп жана 26 бала бакча бар. Былтыркы жылдын август айынан тарта Арсы айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп баштаган. Учурда анын 80% курулуш иштери бүткөрүлгөн. Ага демөөрчүлөр тарабынан каражат бөлүнүп жана бизден 20 миң доллар өздүк салым каралган. Ошондой эле республикалык бюджеттен 1,5 млн сом каралып, мектептин ашканасы курулууда. Азыркы тапта биздин районубузда бала бакча жетишсиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×