Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 20.08.2019 18:09

Кош-Дөбөдөгү тургундар 2 жигитти жумуш менен камсыз кылышты

Turmush -  Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында таштанды көйгөйү чечилди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Кош-Дөбө айыл аймагында элдин колдоосу менен таштандыдан арылуу механизми ишке кирди. Айыл тургундары үйдөн чыккан таштандыларды эшигинин алдына чыгарып коюшат. Жуманын белгиленген күнү таштанды ташуучу унаа жүктөп кетип, атайын даярдалган жайга алып барып төгөт. Таштандыны жума сайын ташып туруу үчүн айылдан атайын унаа бөлүнгөн. Ал үчүн ай сайын айыл тургундары түтүн башына 44 сомдон төгүп турушат. Бул акча таштанды чыгаруучу адамдын эмгек акысына, унаанын күйүүчү майына, оңдоо иштерине керектелет.

Кош-Дөбө айыл аймагы Кара-Саз, Кара-Күнгөй деген эки айылдан турат. Эки айылда биригип 727 кожолук бар. Учурда эки айылда эки техникасы бар жигиттер таштанды чыгаруу жоопкерчилигин мойнуна алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×