Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 23.08.2019 12:40

Кочкордо жайлоо бала бакчасы быйылкы ишин жыйынтыктады

Turmush -  Кочкордун алыскы Кара-Саз жайлоосундагы «Аруузат» жайлоо өнүгүү борбору ишин жыйынтыктоодо. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жайлоо өнүгүү борборунун башчысы Назира Усупбаева билдирди.

Белгилүү болгондой, жайлоо өнүгүү борборунда Кочкор районунун Кош-Дөбө айылындагы малчылардын, ошондой эле Нарын районунун тургундарынын балдары тарбияланышты.

«Өнүгүү борборунда жалпы 19 бала тарбияланып, Кара-Күнгөй айылынын, Нарын районунун тургундары да келип эс алышты. Өнүгүү борборунда мастер-класстар тарбиячы Фаризат Чаргынова, Нарын мамлекеттик университетинин доценти Ильмира Шерматова, Кочкор районунун бала бакчалар бөлүмүнүн методисти Чынара Табылдиева жана «Куруучу», «Барчын уя» бала бакчаларынын тарбиялануучулары тарабынан жүргүзүлдү. Азыр күн сууктап бара жатканына байланыштуу «Аруузат» жайлоо өнүгүү борбору ишин жыйынтыктамакчы», - деди Назира Усупбаева.

«Аруузат» бала бакчасы эки жылдан бери малчылардын балдары үчүн жайлоо бала бакчасын уюштуруп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×