Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 24.08.2019 10:30 На русском

Кыргыздын даамдары: Жайлоодогу түркүн пияздардан жасалган тамактар

Turmush -  Жай аяктап, витаминдүү, ширелүү чөптүн түрлөрү азайып бара жатат. Жайлоолордо өскөн тоо пияз, көбүргөн, согон, кылыч пияз, кызыл кабык, эшимкандын пиязы сыяктуу тамакка кошулуучу табигый чөптөрдүн мөөнөтү да аяктоодо. Табигый чөптөрдөн тамак жасоонун сырларын Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын тургуну Уулман Өскөнбаева айтып берди.

Анын айтымында, илгери жайлоодогу көктөрдөн кубат болсун деп куурап кеткенге чейин, ар бир малчы тамак жасап калганга ашыкчу. Азыр көбүргөндүн сабагы катып бара жатат. Аны майда туурап, тартылган каймак менен кошуп оромо жасап жесе болот. Кесме тамак жасаганда пияз ордуна туураса тамактын даамын арттырат. Согон, кызыл кабык пияз, кылыч пияз, эшимкандын пиязы да тамакка кошула берет. Жылкы сойгондо чучукка согон, сарымсак туурап, туз кошуп жасаса өтө даамдуу болот. Көбүргөн жаз ортолоп калган кезде өсөт. Даамы пияз сыяктуу. Көбүргөндү керектүү өлчөмдө туурап, куйрук май же өсүмдүк майын кошуп, манты, чүчпара, самса, жупка жасаса болот. Аны туздап банкага жаап сактап коюп, кышкысын колдонсо да болот. Адам тумоолоп калганда согонду сүткө туурап ичсе бат сакаят. Камырды кадимкидей даярдап, жайып, ичине көбүргөн же кылыч пияз, согон сыяктуу чөптөрдүн аралашмасы салынып, эки бетин тең оодарып бышырып жесе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×