Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 26.08.2019 10:06 На русском

Орто-Токойдогу Баке участкасынан эмне үчүн кум алууга тыюу салуу керек?

Turmush -  Орто-Токойдогу Баке участкасында уран кени бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Уран кенинин зыяндуулугун аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү Болот Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, «ЮрАзия Кыргызстанда» жоопкерчилиги чектелген коомунун картасында Орто-Токойдун Баке участкасында да уран кени бар экени көрсөтүлгөн.

«Бул аймак Кочкор районуна тиешелүү болгондуктан Кочкор районунун ишкерлери кум тарттырып, пескоблок жасоого колдонуп жатышат. Пескоблокто урандын радиациясы сакталып, короо-сарайга, складга колдонгондо малдар, адамдар радиациялык ууланууга кириптер болушат. Андыктан курулуш үчүн кум алууга тыюу салыш керек», - деди Б.Дүйшөбаев.

Белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кызыл-Омпол уран кени 1951-жылы үстүртөдөн изилденип ачылган. Анын ичинде Таш-Булак, Баке, Узун-Сай, Оттук жана Түндүк майда кендери бар. Аларды чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн «ЮрАзия Кыргызстанда» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2010-жылы 18-ноябрда лицензия берилген. Бул аймактарда уран, торий, фосфор, цирконий, титан-магнетиттин запастары бар экени белгиленген.

Кийинчерээк «ЮрАзия Кыргызстанда» ЖЧКсы уран кенин казуу иштерин толугу менен токтоткон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×