Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 27.08.2019 08:06 На русском

Кочкор районунда 1 таңгак чөп 160 сомго бааланууда

Turmush -  Кочкор районунда 1 таңгак чөп 160 сомго бааланууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи чабык чөп жыйналып бүттү. Тоют жылдагыга салыштырмалуу аз.

«Быйыл Кыргызстан боюнча чөп аз. Мындай абал Кочкор районунда да болууда. Былтыркы жылга салыштырмалуу тоют аз болуп калды. Шамшы айылында сугат суусу тартыш болгондуктан, чөптүн көпчүлүгү күйүп кетти. Айыл тургундары коңшу айылдардан чөп сатып алып жатат», - деди алар.

Алдыда экинчи чабык чөп 200 сомго чейин сатылышы күтүлүүдө. Кыш узак болсо чөптүн баасы мындан да көтөрүлүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×