Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 27.08.2019 11:04

Кочкордо Манастын тулга ташынын байыркы параллель үлгүсү табылды. Сүрөт

Turmush -  Кочкор районунун Ири-Суу участкасындагы Бучуктун белинин тушунда, Кара-Кол суусунун түндүк жак жээгинен Соң-Көлдөгү Манастын тулга ташына абдан окшош байыркы паралелль үлгүсү табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, астроном Абакир Калыбеков, тарых иликтөөчү Кабылбек Жумабаев Кочкор районундагы Кара-Кол суусунун түндүк капталындагы, Ийри-Суу жайлоосунун үстү жагынан, Бучуктун белинин тушунан Соң-Көлдөгү тулга ташка окшош байыркы тарыхый жайды табышты.

«Соң-Көлдөгү Манастын таш тулгасы байыркы Күн-Ай обсерваториясы экендиги аныкталган. Байыркы обсерваторияларда жүргүзүлгөн ченөөлөрдүн жыйынтыктары так жыл санактарга негиз болгон. Манастын таш тулгасы 8 таштан турган тогуз тегерек түштүк-түндүк багыты боюнча багытталган. Астрометриялык ченөөлөрдүн негизинде асман меридианынан 18 градуска саат жебеси боюнча багытталгандыгы аныкталган. Жердин айлануу огунун прецессия кыймылынын натыйжасында, дүйнөнүн огу жана жазгы күн-түн теңелүү чекити жылына, 72 жылда 1 градуска саат жебеси боюнча чыгышка карай жылгандыктан, 72 х 18 = 1296 жыл болот. Демек, таш тулга 1300 жыл мурда дүйнөнүн түндүк уюлу турган чекитке багытталып курулган. Тулгалар жайкы күн токтолуу чекитине карай багытка перпендикуляр жайгашып, Күн менен Айдын бир чекитке батышын аныктаган. Башкача айтканда, 19 жылдык Күн-Ай циклин ченөөгө арналган обсерватория деген тыянак чыгарылган .

Кочкор районундагы жаңы табылга Соң-Көлдөгү Манастын таш тулгасынан да мурдакы кылымдарда жасалганы көрүнүп турат. 8 таштан коюлуп, тогуз даана тегерек айлана таштар түндүктөн түштүкө карай багытталган. Астрометриялык ченөөлөрдүн негизинде асман меридианынан 20 градуска саат жебеси боюнча багытталгандыгы менен Соң-Көлдөгү тулга таштан айырмаланып турат. Бул көп жаңы ачылыштарды пайда кыла турган Соң-Көлдөгү тулга таштан да байыркы Күн-Ай циклин ченөөгө арналган обсерватория деген пикирдемин», - деди астроном Абакир Калыбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×