Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 28.08.2019 11:51

Кочкордо бир баланы мектепке даярдоо үчүн канча каражат сарпталууда?

Turmush -  Жаңы окуу жылына саналуу күндөр калды. Учурда ата-энелер балдарын ээрчитип, базар аралай мектепке даярданышууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Кочкор районунда 1 окуучуну мектепке даярдоо үчүн канча сом сарптала турганына кызыкты.

Асел Абыкеева Кочкор районундагы базарда 5 жылдан бери кийим-кече сатат. Анын айтымында, кийимдер сапатына жана доллардын курсуна жараша кымбаттоодо.

«Инфляция туруктуу болбогондуктан кийим-кече, азык-түлүк да кымбаттап жатпайбы. Мен кийимдердин эң кымбатын алып келбейм. Анткени айыл элинин чөнтөгүнө караш керек. Сапаттуу жана белгилүү фирманын кийимин алып келсек, өтпөй калат.

Мектеп окуучуларынын ак көйнөгү 400 сомдон 1100 сомго чейин, ал эми шымдар 800 сомдон 1200 сомго чейин, бут кийимдер 400 сомдон 1800 сомго чейин, спорттук кийим 1200 сомдон 2500 сомго чейин, ал эми мектеп формасы сапатына карап 1200-2200 сом, байпак 40 сомдон 100 сомго чейин, ак бантик 50 сом. Мындан сырткары ич кийим 1 окуучуга 800 сомдун тегереги болот. Ар бир ата-эне чөнтөгүнө карап балдарын окууга даярдай алышат. Айрымдары 1 баласын 10 миң сомго даярдаса, айрымдары быйылкы жылга керектүүсүн гана алып берип, 6 миң сомго даярдашууда», - дейт Асел Абыкеева.

Мындан сырткары китеп кап жана окуу куралдарды алууга туура келет. Китеп капты 250 сомдон тартып 1000 сомго чейин сатып алса болот. 12 барактуу дептер 3 сом, калың дептер 20 сомдон 40 сомго чейин, түстүү карандаш 50-100 сом, пластилин 70 сом, күндөлүк 30 сомдон жогору, өчүргүч 10 сом, чийүү сабагына керектүү (сызгычтын ар түрдүүсү, циркуль, карандаш) 150 сом, эсептегич 80 сом, дептер жана китептин сырттары 1 даанасы 10 сом, альбом чоң кичинесине карап 50 сомдон 100 сомго чейин сатылууда. Мындан сырткары атлас карталар да алынат. 1 окуучу окуу куралдарын жана китеп кабын 1300 сомго алат. Орто баа менен эсептеп келгенде 1 окуучуга 8 миң сом акча каражаты сарпталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×