Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 29.08.2019 14:51

«Актерго түспөлдөш, бирок...»: Филолог К.Жумабаев «чыныгы» Момун чалга кантип жолуккан?

Turmush -  Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жазган «Ак кеме» чыгармасындагы Момун чал чыныгы жашоодо жашаган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор айылынын тургуну, филолог Кабылбек Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, Момун чалдын фамилиясы Темиров болгон. Өзү шыпылдаган, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин «Ак кеме» тасмасындагы Момун чалдын ролун жараткан Асанкул Куттубаевге түспөлдөш.

Асанкул Куттубаев

220px-AkKemeCapture (1)

«1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп жүргөн кезде Сары-Тологой деген айылга эл оозундагы сөздөрдү жыйноо үчүн фольклордук экспедицияга бардык. Академик Хусейин Карасаев Сары-Тологой деген айылдан экен. Ал айылдагы атасынын тамынын ачкычын берип, бизди таштап, өзү шаарга кетти. Ошол үйдө туруп, эл оозундагы мурастарды жыйнай баштадык. Бир күнү бирөөлөрдөн «Кардондо «Ак кеме» тасмасындагы Момун чал жашайт» дегенди угуп калдым. 1972-жылдын 13-июлунда Каркырага суу ташыган унаага түшүп алып издеп бардым. Кардон дегени Түп районунун Санташ айылынын Чоң-Бет коктусунда, Каркыранын бери жагында, Түп суусунун төр жагында, Түп районунун Каркыра жак бетинде, күн чыгыш жагында жайгашыптыр. Токойдун бети карагай, күнгөй бетинде кичинекей үй турат. Ошол үйдөн Момун Темиров менен тааныштым. Тасмадагы Момунга окшош, бирок андай жоош эмес, абдан тың адамды көрдүм. Ал жер төшөк алып чыгып, дөңдөгү көк шибердин үстүнө салып, экөөбүз отуруп сүйлөштүк. Момун Темиров кыргыздын адыгине уруусунан, 68 жашта экен (ошол кезде). Момун Темиров Молдо Кылычтын ырларын, Синтик деген казак акынынын ыры деп казакча нускалуу ырларды айтып берди. Аларды жазып алдым. Андан сырткары «Кыз Дарыйка» деген дастанды билерин айтты. Бир топ уламыштарды билет окшойт. Ошол жерде аны издеп барган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов экөө сүйлөшүп отурганын айтып берди.

Момун Темиров: "Бир нече жыл мурда Чыңгыз Айтматов мени Кардонго издеп келиптир. Экөөбүз ушул бетте. так ушул көлдөлөңдүн үстүндө сүйлөшүп отурдук. Ага бир топ уламыштарды айтып бердим. Кийин мен жөнүндө «Ак кеме» чыгармасын жазыптыр. Жазганынын 70 пайызын ойдон чыгарыптыр. Мени кой оозунан чөп албаган момун кылып көрсөтүптүр. Кызымдын төрт жаштагы баласы ойноп жүргөндө сууга түшүп, өлүп калды дегем. Аны да жомоктотуп салыптыр" деди. Мен ал көркөм чыгарма экенин айтсам, түшүнгүсү келбеди.

Ал андан ары сөзүн улап: "Жаш кезимде СССРдин Улуттук коопсуздук комитети менен иштештим" деди. Өзү шыргыйдай, арык чырай, жеңил, шайдоот кыймылдайт экен. Ал кезде азыркыдай фотоаппарат жок болчу. Студент да болчумун. Сүрөткө тартып алууга мүмкүнчүлүк болгон жок», - деп билдирди.

Кабылбек Жумабаев

IMG_20190827_184231

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×