Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 30.08.2019 10:07

Кочкор районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 29-августта Нарын облусунун аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө саат 07:50 чамасында болгон. Жер титирөөнүн күчү Кочкор районунун Чолпон, Туз, Ак-Чий айылдарында 3,5 баллга, Көк-Жар, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Орток, Комсомол айылдарында 3 баллга, Кочкор, Дөң-Алыш, Арсы айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×