Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 31.08.2019 09:58

Кочкор районунда чөптүн экинчи чабыгы жыйналып жатат

Turmush -  Кочкор районунда чөптүн экинчи чабыгы жыйналып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Жакшылык Калпаев билдирди.

Анын айтымында, район боюнча 12940 гектар жердеги чөп чабылып, 56841 тонна тоют жыйналды. Негизинен район боюнча көп жылдык чөптүн аянты 13605 гектар жерди түзөт.

Дыйкандардын айтымында, 1 түк чөп 150-160 сомдон сатылууда. Өткөн жылы 1 түк чөп 120 сомдон бааланган. Жыл башында кургакчылык болуп, суунун тартыштыгынан айдоо аянттарына суу жетпей, тоют аз топтолууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×