Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 31.08.2019 20:20

Кочкордун Кум-Дөбө айылында 3,6 млн сомго бала бакча курулууда

Turmush -  Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында 3 млн 600 миң сомго бала бакча курулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл башчысы Мурадил Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, 60 орундуу бала бакчаны айыл өкмөт жана АРИС каржылап жатат. Курулуш иштери октябрь айында аяктайт.

«Бизде 50 орундуу бала бакча иштечү. Айыл элинин саны көп болгондуктан дагы 60 орундуу бала бакча курууга туура келди. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн эсебинен 3 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Жаңы салынып жаткан имараттын жылытуу системасына эл аралык уюмдарга долбоор жазып, 400 миң сом утуп алдык.

Бала бакчаны куруу иштери 2018-жылдын июнь айында башталган. 1 айдан кийин ишке берилүү алдында турат», - деди Жумалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×