Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 01.09.2019 13:44

Кочкордо шахмат боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кочкор районунда Эгемендүүлүктүн 28 жылдык майрамына карата шахмат боюнча турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Ага райондун аймагындагы шахматчылар катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Кочкор районунун командасы, 2-орунду Ак-Талаа айылынан келген шахматчылар, 3-орунду Теңдик айылынын шахматчылары ээлешти.

Кочкор районунун акимчилиги тарабынан 1-орунга 1800 сом, 1-даражадагы диплом, 2-орунга 1300 сом, диплом, 3-орунга 900 сом, диплом жана башка сыйлыктар берилди.

Мындан тышкары, окуучулар ортосунда дагы мелдеш өтүп, 1-орунга 500, 2-орунга 300, 3-орунга 200 сом акчалай сыйлык жана ардак грамоталар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×