Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 02.09.2019 10:02

Кубакы ашуусундагы жол кырсыктан 3 адам жабыркады

Кубакы ашуусу
Кубакы ашуусу

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 3 адам жабыркады.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жол кырсык 1-сентябрда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында, тактап айтканда Кубакы ашуусунда катталган. «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги бордюрду сүзгөн. Анын кесепетинен 3 адам ар кандай жаракат алды.

Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу жардам көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×