Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 03.09.2019 08:11

Италиядагы мелдеште 1-орунду ээлеген Н.Шергалиев сыйланды (сүрөт)

Turmush -  8-14-июнь күндөрү Италиянын Каттолика шаарында өткөн шахмат боюнча эл аралык чемпионаттын жеңүүчүсү Нурлан Шергалиев Кочкор районунун акимчилигинин ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке 38 өлкөдөн 56 шахматчы катышкан. Жыйынтыгында 1-орунду Нурлан Шергалиев багындырып кайткан. Нурлан Шергалиев 1984-жылы Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

«Шахматка болгон кызыгуум 9 жашымда ойгонуп, 26 жылдан бери шахмат ойноп келе жатам. 9 жашымда Алишер Сарымсаков деген геометрия сабагын окуткан мугалим башка мектептен биздин мектепке которулуп келип калды. Ошол агай шахмат боюнча спорттун чебери наамына талапкер болчу. Мен анын баласы менен бир класста окугандыктан экөөбүз шахмат ойноп жүрчүбүз. Шыгымды байкаган агай шахмат ойноо сырларын үйрөтүп, кызыгуум ойгонду. Алгач мектептер арасында, кийин Кочкор районундагы оюндарга катышып, биринчиликти алып жүрдүм. Нарын шаарында облустук турнирде биринчиликти алгам.

Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде прикладдык информатика адистиги боюнча билим алдым. Кыргыз улуттук университетинин курама командасында 5 жыл ойноп, 2-3-орундарды алып жүрдүм. Бишкек шаарында көптөгөн турнирлерге катышып, сыйлыктарга ээ болдум.

Университетти аяктагандан кийин «Балажан» окуу борборунда машыктыруучу болуп иштей баштадым. «Спорттун чебери» деген наамым бар. Александр Гуреевдин «Кантип машыктыруу керек?» деген сабактарын алдым. «Мелдештерди кантип өткөрүү керек?» деген семинарга катышып, Бишкекте көптөгөн мелдештерди өткөрүп жүрөбүз. 2017-жылы Таиландда өткөн Азия чемпионатында 3-орунду алдым. Менин окуучум 1-орунду алып, Азиянын чемпиону болуп, спорт чеберине талапкер болуп кайтты.

Италияда өткөн мелдеште 76 мамлекеттин ичинен 5-орунга жетиштик. Менин Алинур Алияскаров деген окуучум өткөн жылы «Жылдын мыкты спорчусу» деген наамга ээ болду. Мага мэриядан «Мыкты машыктыруучу» деген наам ыйгарылды.

Быйыл 8-14-июнь күндөрү Италиянын Каттолика шаарында шахмат боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду багындырдым. Буйруса жакында Непалдын Катманду шаарында өтүүчү Азиянын чемпионатына балдарды алып барабыз деген ойдомун. Келерибиз менен Түркияга Кыргызстандын курама командасын алып барабыз. Кийинки жылы апрель айында Грецияга барабыз деген тилегибиз бар», - деди Нурлан Шергалиев.

Нурлан Шергалиев Эгемендүүлүк күнүндө Кочкордо айылдар арасында өткөн шахмат боюнча мелдеште Кочкордун командасын жетектеп, 1-орунду алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×