Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 03.09.2019 21:00

Кочкордо дан эгиндери жыйналып баштады

Turmush -  Кочкор районунда дан эгиндерин ооруп-жыюу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рахат Исраилов билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор районунда 7828 гектар аянтка дан эгиндери эгилген. Анын 6799 гектары арпа, 1029 гектары буудай өсүмдүгү.

«Учурда арпа өсүмдүгү бышкандыгына байланыштуу чабыла баштады. Райондун айыл аймактарында 398 гектар жердеги арпа чабылып, 946 тонна арпа жыйналды. Бул арпа аянтынын 5,9 пайызын түзөт. Негизинен түшүм ар гектардан 24 центнерден айланууда. Дан эгиндерин чабуу үчүн 20 комбайн иштөөдө», - деди Р.Исраилов.

Кочкор районунун айыл аймактарында жылдан жылга дан эгиндеринин ичинен буудай өсүмдүгүнүн айдоо аянты азайып баратат. Мунун себебин дыйкандар малдын башынын көбөйгөндүгү жана буудайдын бышпай калуу коркунучу менен түшүндүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×