Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 10.09.2019 17:12

Кочкордун тоолуу аймактарындагы дан эгиндери кар алдында калды

Turmush -  Кочкор районунун айрым аймактарында кар жаап, электр жарыгы өчтү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Дөң-Алыш айылынын жашоочулары билдиришти.

Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Шамшы, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында 7 сантиметрден 15 сантиметрге чейин кар жаап, талаадагы дан эгиндери ийилип калган. Кара-Күнгөй айылында кечээ, 9-сентябрда жааган кардын кесепетинен бул жерде дагы дан эгиндери ийилип калган.

Ал эми Дөң-Алыш айылынын башчысы Сагынбек Аденов бул айылдагы дан эгиндери кар алдында калганын билдирди.

Комсомол айылынын башчысы Азатбек Нурмамбетовдун айтымында, Комсомол айылында 3 см кар жааган. Ал эми талаада 7 см кар жаап, жайлоолордо кар жаап жатат.

Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рахатбек Исраиловдун маалыматы боюнча, райондо 7 миң 800 гектар айдоо аянты бар. 2400 гектар айдоо аянтындагы дан эгиндер жыйналган.

«Дан эгиндерин кар басып калды деген маалымат бизге келе элек. Эми дан эгиндерин оруп-жыйноо башталат», - деди ал.

Тема боюнча: Миң-Кушка «кыш» келди. Сүрөт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×