Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 13.09.2019 13:10

Кочкордун Исакеев айылында жүн иштетүүчү цех ачылды

Turmush -  12-сентябрда Кочкор районунун Исакеев айылында жүн иштетүүчү кичи ишкана ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айыл тургуну Жумагүл Курманбаева жүн иштетүүчү цех ачуу боюнча БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына долбоор жазган. Ал долбоор Япония өкмөтү тарабынан каржыланып, цехке тиешелүү жабдуулар 2 млн 178 миң сомго алынган. Бул жабдуулар Кочкор айыл өкмөтү 350 миң сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берген эски мончонун имаратына жайгаштырылып, айылдын 17 тургуну жумуш менен камсыз болушту.

Жүн иштетүүчү ишкана бир күндө 80 кг жүндү тытып, жууп жана кургата алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×