Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 13.09.2019 14:24

Кочкорлуктар Турдакун Усубалиевдин сүрөтүн акчага түшүрүүнү сунушташты

Turmush -  12-сентябрда Нарын облусунун башчысы Эмилбек Алымкулов Кочкор районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач дубан башчысы алдыда жасала турган иштерге токтолду.

«Мен алдыда жасала турган иштерге токтолоюн. Биринчиден, кышка даярдык көрүүнү эртелетишибиз керек. Анткени көмүр казуу иштери былтыркы жылга караганда кечеңдеп жатат. Мамлекеттик мекемелерди, элди көмүр отуну менен камсыздоо зарыл. Экинчиден, оруп-жыюу иштерин тездетип, элдин мээнетин талаага кетирбеш керек. Анткени аба ырайына ишенүү кыйын. Андыктан бул ишти аким, айыл өкмөт башчылары көзөмөлдөп, «кайсы айылга техника жетишпей жатат, кандай көйгөйлөр бар?» деп элден кабар алып туруусу зарыл. Үчүнчүдөн, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата ар бир айыл өкмөт башчыларынан, акимдерден 1 жылдык жана 4 жылдык иш планын иштеп чыгуусун талап кылуудамын.

Инвестиция тартуу менен облусту көтөрө алабыз. Кочкор району башка райондорго караганда климаты катаал эмес. Андыктан сиздерде мүмкүнчүлүктөр көп», - деди ал.

Жолугушууда тургундар авариялык абалдагы мектептер, жайыт көйгөйү, пенсияга чыгуудагы татаалдашкан система, өзгөчө кырдаалдар боюнча маселелерди көтөрүп, суроолорун беришти.

Теңдик айылынын жашоочулары картошкаларын сактай албай жатканын, себеби бул айылда жерди 1 метр казганда эле суу чыгарын, мындан улам алар логистикалык борборго муктаж болуп жаткандыгын айтышты. Кочкор айылынын тургундары жерди трансформациялоо боюнча маселе көтөрүштү.

«Бул көйгөй бардык жерде болууда. Жерди трансформациялоо боюнча өзүнчө мекеме ачылды. Бул боюнча сунуштарды беребиз», - деди облус башчысы.

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жашоочулары акыркы жылдары мал көбөйгөнүн, Кочкор менен Жумгал райондорунун элдеринин ортосунда жайыт талашуу маселеси жоюлбай жатканын билдиришти.

«Жайыт талашуу облустун башка райондорунда да болуп келе жатат. Себеби, өзгөчө жылкы көбөйдү. Сабырдуулукка чакырам. Бул боюнча өкмөткө сунуш беребиз», - деди ал.

Ошондой эле тургундар Турдакун Усубалиевдин сүрөтүн акчага түшүрүүнү, 100 жылдык мааракесин Кочкор районунда уюштурууну сунушташты.

Жолугушуудан кийин Эмилбек Алымкулов райондун Туз айылындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×