Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 15.09.2019 14:37

Сүрөт — Кочкордо дыйкандарга дан эгиндерин сактоонун жолдору үйрөтүлдү

Turmush -  Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында талаа күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун адиси Аида Амандыкова билдирди.

Иш-чаранын алкагында фермерлерге жана дыйкандарга арпа өстүрүү жана аны сактоо боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле арпа сактоочу кампаны түшүм киргизүүгө даярдоо жолдору үйрөтүлдү.

Кампада арпа же башка өсүмдүктөрдү сактоо эрежелери:

- Дубалдарга, чатырларга акиташ менен көк таштын эритмесин чачып, кампадагы зыяндуу заттардан арылуу;

- Күкүрт, арча, адырашман, тезек сыяктуу заттарды түтөтүү менен курт-кумурскаларды жоготуу;

- Акиташка суу куюп, буусу чыгып жатканда эшиктерди жаап салса, буу аркылуу да кампа дезинфекцияланат. Кампага эрмен, шыбак чөптөрүн, жаңгактын жалбырактарын илип койсо да курт түшпөйт.

- Чычкан, келемиш сыяктуу кемирүүчүлөрдү жок кылуу. Мышык багуу же капкан салуу, уулуу заттарды колдонуу сунушталат.

«Ошондо гана дан эгиндерин кампага киргизүү коопсуз болот», - деди Аида Амандыкова.

Иш-чарада кампаны даярдоо иштери практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Буга чейин «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кочкор жана Жумгал райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жашылча жемиштерди өстүрүү технологиялары үйрөтүлгөн. Жардам иретинде жергиликтүү климатка ылайыкташкан сабиз, бадыраң, помидор, капуста, пияз, кызылчанын уруктары жана көчөттөрү берилген.

Андан тышкары Кочкор, Жумгал райондоруна чөп жана арпанын уруктары таратылган:

- Арпанын «Гетман» сорту — Кочкор районуна 35 миң 800 кг, Жумгал районуна 10 миң 800 кг;

- Беденин «Береке» сорту Кочкор районуна 12 миң 60 кг, Жумгалга 7 миң 20 кг;

- Беденин «Будугиния» сорту — Кочкор районуна 1 миң 720 кг, Жумгалга 300 кг таратылып берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×