Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 16.09.2019 10:51

Жеңеке: А.Жеенбекованын келиндик доордогу кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 48 жаштагы Айнура Жеенбекова. Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, жолдошу менен бир мектепте окуган.

«4-класстан баштап Кара-Суу районуна караштуу Ак-Жар айылында чоң энемдикинде жашап калдым. Айылдагы мектеп 3 жылдык болгондуктан коңшу Кызыл-Ордо деген айылга барып окудум. Ошондо эле жолдошум мени жактырып калган экен. Балалык сүйүү болгон го. Атам чет өлкөгө көп чыгып, сапаттуу кийимдерди алып келип берчү. Мектепте дагы эң жакшы окучумун. Жолдошум параллель класста окучу», - деди ал.

Анын айтымында, жолдошу Адыл Калекеев Ооганстанда кызмат өтөгөн. Алар 21 жашында баш кошушкан. Ал педагогикалык институтту аяктангандан кийин дароо иштеп баштаган.

«Келин болуп келгенде уй сааш керек болуп калды. Ага чейин такыр уй саап көргөн эмес элем. Анан жолдошум эч кимге билгизбей, менин ордума саап берди. Ошентип мен уй сааганды үйрөнгүчө жолдошум саап жүрдү.

Бир күнү кайын энем, жолдошум болуп конокко бардык. Алар «төргө өткүлө» десе мен дагы кайын энеме кошулуп төргө өтүп отуруп алыптырмын. Абысыным чай көтөрүп кирип эле мени карап таң калып, «чайды ким куят, келин төргө чыгып кетиптир го?» десе чочуп кеттим. Бары күлүп, «мейли бүгүн мейман болсун» дешкен.

Кайын агам кышында конок тосуп, кайын энем экөөбүз чүчбара түйдүк. Бышканда челекке куюп алып, жолдошум экөөбүз жеткирип бара жатканбыз. Экөөбүз эки жагынан көтөрүп бара жатканда мен тайгаланып жыгылдым. Чүчбара мага төгүлүп, колум күйүп калды. Ага карабай кардын үстүнөн чүчбараларды тердик. Бир маалда колум ачышып баштады. Челекти көтөрүп ыйлаган бойдон үйдү көздөй жөнөдүм. Үйгө келгенде эч кимден уялбай, ортого отуруп алып ыйлаганымды эч унутпайм», - дейт А.Жеенбекова.

Анын айтымында, алар көп жылдан бери Москва шаарында жашашат. Россиянын жарандыгын алышкан.

«Мен компаниялардын биринде кассир болуп иштейм. Жолдошум чет элдик компаниянын президентинин жеке айдоочусу. Балдарым мектепти, жогорку окуу жайын Москвадан бүтүштү. Бир уул, бир кызым бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×