Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 16.09.2019 11:34

«Эгиздер»: Эрболду эки жолу эмизип, Нурбол ачка калган күндөр болду, - апасы

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Исакеев айылынын тургуну Венера Шаршенбаева Нурбол жана Эрбол аттуу эгиз балдары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, эгиз уулдары 2001-жылдын 25-октябрында төрөлгөн.

«Өзүмдүн 3 балам бар, улуусу 1992-жылы төрөлгөн. Эгиздерди 2001-жылдын 25-октябрында операция жолу менен төрөдүм. Экөөнүн ортосу 10 мүнөт айырма, улуусу 3.800 грамм, кичүүсү 2.800 грамм салмакта төрөлдү. Аттарын жездем койгон. Экөө абдан окшош болгондуктан адашып, Эрболду эки жолу эмизип, Нурбол ачка калган күндөр болгон.

Уулдарым 3-4-класстан баштап мага жардам беришип, кир жууп, камыр жууруп, нан жасашат. Бир күнү жумуштан келсем короодо кир жайылып турат. Ким жууду деп таң калып жатсам, эгиз балдарым жууп коюптур. Экөө аябай окшош болгондуктан мектепти бүткүчө мугалимдери айырмалай алган жок. Экөөнүн мүнөзү эки башка. Бири ооруса, экинчиси сөзсүз сыркоолойт.

Бири алыска кетсе, экинчиси сагынып, маанайы жок жүрөт. Окууну аяктаган соң, Нурбол корей тили факультетине барды. Эрбол фармацевт адистиги боюнча билим алып жатат», - деди Венера Шаршенбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×