Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 17.09.2019 16:48

Кочкорлуктар айылдагы көпүрөнүн курулушу башталбай жатканына нааразы

Turmush -  Кочкор районундагы Кочкор айылынын Чике уулу Дүйшө көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу башталбай жатканы айыл тургундарын кабатыр кылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чике уулу Дүйшө көчөсүнүн жашоочулары билдиришти.

Алардын айтымында, жолго жаңы көпүрө куруу максатында 20-августта мурунку көпүрө алынган.

«Ошондон бери унаа жана жүргүнчүлөр өтүүчү жол казылып, аң болуп турат. Автоунаалар башка жол менен каттап жатат.

Ушул жол аркылуу Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучулары катташат. Алар кээде ылай, баткакты кечишет. Жол жээгинде суу түтүгүнүн капкагы ачык жатат. Түнкүсүн меймандар келсе, байкабай аңга түшүп кетеби деп чочуйбуз. Айыл өкмөтү көпүрөнүн курулушун тездетсе болмок. Курулуш материалдарын алып келип коюшкан. Ошону менен дайын жок», - деди тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×