Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 17.09.2019 20:01

Айыл турмушу: Дыйкан Д.Махметжанова айылдаштарын помидор жана бадыраң менен камсыз кылууда

Дания Махметжанова
Дания Махметжанова

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Дания Махметжанова бакчасына өстүргөн жашылчалардан 1 тоннадан ашык түшүм алып, сатып жатат. Дыйкан айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Багбан айым дээрлик 6 жылдан бери чарбагына жашылчалардын түрүн (сабиз, кызылча, пияз, капуста, бадыраң, помидор, брокколи, кызыл капуста, гүлдүү капуста, калемпир, ашкабак жана башка) өстүрүп, чакан ишкерлик кылуунун жолун таап алган.

«Бала кезден эле жашылчаларды өстүрүүнү жакшы өздөштүргөм. Турмушка чыккандан кийин жазында чакан жерге жашылчаларды айдап, тамак-ашка колдончумун. 2013-жылдан тартып «Акөк» уюму жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн ыкмасын үйрөнүп чыктым. Жашылча-жемиштерди жөн эле өстүрүп койбой, кантип оорулардан алдын алуу керек, аларды кандай пайдалануу керектигин үйрөнө алдым. 10 метрлик 6 парнигим бар. Келерки жылы кышы-жайы жашылча-жемиш өстүрүү үчүн чакан күнөскана курууну пландап жатабыз», - дейт Дания Махметжанова.

Ал быйылкы жай айында бир тоннага чукул бадыраң жана жарым тонна помидор саткан.

«Жашылчаларды органикалык жер семирткичтер менен өстүрөм. Курт-кумурска жолобош үчүн капустанын жанына календула гүлүн кошуп айдагам. Анткени бул гүлдүн жытынан капустага курт түшпөйт. Ал эми бадыраңды йод, зеленка менен дезинфекциялап турса курт түшпөйт. Кошуна, тааныштар алып кетишет. Саткандан калганын банкаларга туздап коюп сатам. Балдарыма жөнөтөм. Эң негизгиси таза тамактансак ден соолугубуз жакшырат. Учурда эл туура тамактануу керек экенин түшүнүп башташты», - деп кошумчалады ал.

Дыйкан жашылчалардын бир нече сортторун өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×