Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 19.09.2019 14:36 На русском

Кочкордун Кара-Суу айылындагы 240 орундуу мектепте 645 окуучу билим алууда

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептин окуучулары 3 нөөмөт менен билим алууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мектеп директору Алма Асанованын айтымында, Ш.Рысмендеев атындагы мектеп 240 окуучуга ылайыкталып курулган. Бирок анда учурда 645 окуучу окуйт.

«Мурунку эски мектеп 2001-жылы өрттөнүп кеткен. 2002-жылы ушул мектеп пайдаланууга берилген. Бирок Кара-Суу айылында калктын саны көп болгондуктан 645 окуучу 3 нөөмөт менен билим алышат. Ар бир класстын аянты 39 чарчы метр. Бир партага 3 окуучу отурууга туура келип калат», - деди ал.

Мектеп жамааты 2015-жылдан бери кошумча окуу имаратын куруу боюнча өкмөткө кайрылып келишет.

«Кошумча окуу корпус салдыруу боюнча тийиштүү жерлерге каттарды жөнөткөнбүз. Акыркы жөнөткөн катка Билим берүү жана илим министрлиги өкмөткө сунуштайбыз деген жообун берген. Окуучулар батпагандыктан эски мектептин устаканасын, тактап айтканда 2 классты жасап алганбыз. Оңдоо иштерине Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлүнгөн. Бул 2 класста 120 окуучу окуйт», - деп кошумчалады ал.

Ал эми айылдан алыс жашаган тургундардын балдары бир саат жөө басып, сабакка саат 7:30да келишет.

«Айылдан алыс турабыз. 3 нөөмөт менен окугандыктан биздин сабак саат 7:30да башталат. Саат 06:30да үйдөн чыгып, мектепке келем. Бөбөктөрүм түштөн кийин окуйт. Алардын сабагы саат 18:00дө бүтөт. Күн кыскаргандыктан аларды коркпосун деп ала кетем. Ал эми кышкысын абдан эле коркунучтуу. Анткени карышкыр болушу да мүмкүн», - деди мектеп окуучусу Акмаанай Акман кызы.

Мектеп типтүү болуп курулбагандыктан окуучулар ашкана, спорт зал жана жыйындар залына муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×