Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 20.09.2019 11:40

Кочкордогу Ш.Абдылдаев атындагы мектептин окуучулары бала бакчада окуп жатышат

Turmush -  Кочкор районундагы мектеп директорлору жана мугалимдер Жогорку Кеңеште болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга активист Сарыгул Казиев билдирди.

Анын айтымында, Кочкор районунун жалпы 19 орто мектебинин директорлору жана мугалимдери барышкан.

Депутаттар менен жолугушууда мугалимдер Кочкор районундагы билим берүү маселесине байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүшүп, аларды чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Атап айтканда, окуу куралдары менен компьютердик жабдуулардын жетишсиздиги, авариялык абалдагы мектептер, курулушу токтоп калган мектептердин курулушун аягына чыгаруу, мектептерди кышкы мезгилде жылытуу, мектептер жетишпеген айылдарга жаңы мектептерди куруу сыяктуу көйгөйлүү маселелерди билдиришти.

Эң көйгөйлүү маселе катары мугалимдер Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептин жаңы имаратын тез арада куруу зарылдыгын белгилешти. Аталган мектеп 1927-жылы курулган, эскилиги жетип, окуучулардын өмүрүнө коркунуч туулган абалга келген. Мектептин имараты кичине болгондуктан окуучулар батпай, жанындагы эски бала бакчанын имаратында да окууга аргасыз болушууда. Жаңы мектеп курулчу жердин трансформациясын бүтүрүп, курулушка керектүү каражатты бөлдүрүп берүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Эл өкүлдөрү айтылган маселелердин баарын көңүлгө алып, тиешелүү мамлекеттик органдарга табыштап, Жогорку Кеңештин трибунасынан өкмөткө жеткирүү менен бирге аларды чечүүнү өз көзөмөлүнө ала турганына ишендирди. Ошону менен бирге мугалимдер үчүн Жогорку Кеңештин имаратынын ичине экскурсия уюштуруп, депутаттардын ишмердиги, жыйындар өтчү залдар менен тааныштырып, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×