Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 20.09.2019 12:28

Кочкордо кырсыктын тобокелин азайтуу боюнча бир айлык өтүүдө

Turmush -  Кочкор районунун аймагында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлык өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор айыл аймагынын Исакеев айылындагы С.Исмаилов атындагы орто мектепте Жарандык коргонуу күнү өттү. Иш-чара Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурулду. Анын алкагында өрт кырсыгы, жер титирөө учурунда мектептин окуучуларын коопсуз жакка көчүрүү боюнча окуучулардын жана мугалимдердин иш-аракеттери көрүлүп, 215 окуучуга өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт өчүрүү, куткаруу иштери көрсөтүлүп, куткаруучу шаймандар менен тааныштырылды. Иш-чаранын аягында мектеп​ директоруна кырсыктын алдын алууну эскерткен көргөзмө куралдар тапшырылган.

Мындан сырткары бир айлыктын алкагында Кочкор айылынын Н.Жүндүбаева атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, окуучулардын суроолоруна жооп берилди. Бул күнү Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн​ күнүмдүк ишмердүүлүгү боюнча айтылып,​ өрт-куткаруучу автоунаалар, куткаруучу шаймандар менен тааныштырылды. Ошондой эле 87 окуучуга кырсыктын алдын алууну эскерткен баракчалар таратылды.

12-17-сентябрь күндөрү Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан ​райондогу айыл өкмөт кызматкерлерине, жүндү кайра иштетүүчү цехтин жумушчуларына, жергиликтүү тургундарга кырсыктардын алдын алуу, алардын тобокелин азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат баракчалар таратылды.

18-сентябрь күнү Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана ЖКККБнын кызматкерлери менен автоунаа айдоочуларына жол кырсыктарынын кесепети жана аларды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, жол кырсыктары, кар көчкү, өрт кырсыгы боюнча маалымат китепчелер таратылды.

Жарыяланган бир айлыктын алкагында 5-октябрга чейин кырсыктын тобокелин азайтуу боюнча дагы бир катар иштер өткөрүлмөкчү.

Жарандык коргонуу күнү 2017-жылдын 5-октябрынан бери белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×