Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 22.09.2019 19:30

Кочкор районунда Мамлекеттик тил күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда Мамлекеттик тил күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кочкор райондук И.Исаков атындагы борборлоштурулган китепканада 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тилим – көөнөрбөс, өчпөс дилим» аттуу иш-чара өттү. Ага айылдык китепканалардын, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Китепканачы Г.Сооронбаева кыргыз тили боюнча китепканадагы көргөзмө тууралуу баяндама жасады.

Катышуучулар макал-лакаптарды, жаңылмачтарды айтуу, табышмактарды табуу сыяктуу оюндарга катышты. Маданият кызматкерлери, мектеп окуучулары тарабынан кыргыз обондору аткарылып, комуз, ооз комуз, жыгач ооз комузда күүлөр чертилди. «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. Ошондой эле, келген меймандар кыргыз тили боюнча тест тапшырышты.

Кочкор райондук администрациясынын адиси Наргиза Мамырова: «Кыргыз тилин баарыбыз эле так биле бербейбиз. Мен алгач Балыкчыдан Кочкорго келип иштей баштаганда чоң энем «Чөөгүндү алып кел» дегенде ал эмне экенин билбей, чөмүчтү алып баргам. Көрсө үйдө биз кыргыз тилинде сүйлөбөйт экенбиз. Чөөгүндү биз чайнек деп көнүп калганбыз. Ошондуктан тилди сактайбыз десек ар бирибиз балдарыбызга нукура кыргызча сүйлөгөндү үйрөтөлү», - деди.

1989-жылдын 23-сентябрында «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ошондон бери Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил катары кабыл алынып келет. Быйыл мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын белгиленип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×