Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 23.09.2019 10:25

Кочкордо бал өндүрүүчүлөр бирикти

Turmush -  Кочкор районунда бал өндүрүүчүлөрдүн бирикмеси түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга бирикменин төрагасы Фархат Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, бирикменин жыйынына Кыргыз Республикасынын бал өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Жакшылык Дүйшөналиев катышып, маалымат берди.

«Буга чейин Кочкордо бал өндүрүүчүлөр чаржайыт иштеп келген. Бал аары кармагандар өз сырларын жаңы иш баштагандар менен бөлүшпөгөндүктөн бул тармак өнүккөн эмес. Ошондой эле бал өндүрүүчүлөр балды өткөрө албай келет. Бал аарыларды оорудан дарылоону билбейт экенбиз.

Бирикменин максаты — биргелешип иш алып барып, бул кесипке кызыккандардын башын кошуп, билбеген нерселерин үйрөтүп, өндүргөн балды биргелешип сатуу», - деди Фархат Токтосунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×